Кыргызстандагы мектептерде мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн жекече окутуу программалары киргизилетЧычкан, кир бөлмө, жашыруун төлөм: Ысык-Көлдө эс алуу жайын тандоодо эмнеге көңүл буруу керек?Ысык-Көлдө театр сүрөтчүлөрүнүн эл аралык лабораториясы өтөтБишкекте 2026-жылга пландалган 136 жолдун 68и реконструкцияландыКР УКМК бийликти басып алууга чакырык жасаган Threads’тин дагы бир колдонуучусун кармады«Такси 3» тасмасынын жылдызы Бай Лин Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына келет
Ошто автоунаа ала салып 2 адам жабыркады
26.01.2021 | 13:55
Ошто автоунаа ала салып 2 адам жаракат алды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ, 25-декабрда Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 16-чакырымында болгон. Анда Toyota Corolla үлгүсүндөгү жеңил унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдон чыгып оодарылып кеткен. Кырсыктын кесепетинен 2 адам жабыркаган.
Окуя болгон жерге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары барганга чейин “Тез жардам” кызмат жаракат алган адамдарды ооруканага алып кеткен.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар