Ошто жердештерин 1.5 млн сомго алдап кеткен адам кармалды

Ошто жердештерин 1.5 млн сомго алдап кеткен адам кармалды

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмүнүн Амир-Темур милиция бөлүмчөсүнүн тескөөчүлөрү издөөдө жүргөн жаранды кармашты. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, алдамчылыкка шектелип кармалган жаран Ош шаарынын Амир-Темур кичи шаарчасынын тургуну, 1983-жылы туулган А.О., экендиги аныкталды. Ал мурда адам тоногону, карактаганы үчүн соттолуп чыккан. Ошого карабастан, оӊолуу жолуна түшпөстөн карапайым жарандарды алдоо жолу менен акча табууга өткөн. Бир нече жарандарга «чет өлкөдөн машина айдап алып келемин» деп ири суммадагы акчаларын алып, изин жашырып кеткен. Андан сырткары «үй салууга жер алып беремин» деп сүйлөшүп бир нече жердештерин дагы алдаган.

Жалпы 8 жаран арыз жазган. Алардын бешөөнө машина, үчөөнө жер убадалаган. Алардан 5 миӊден 8 миӊ долларга чейин акча алган. Келтирген чыгым 1.5 млн. сомдон ашуун сумманы түзөт.

Бүгүнкү күндө бул жаран башка жарандардын унааларын ижарага алып, сатып жибергендиги тууралуу дагы маалыматтар аныкталууда. Шектүү 5-декабрда кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Ош ШИИБдин Ак-Буура милиция бөлүмүнүн Амир-Темур милиция бөлүмчөсү бул жарандан жабыркагандар болсо 0553-01-70-17, 0222-6-64-12 номерлери аркылуу байланышып коюуга чакырат.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Милиция Ош

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>