Опузалап акча талап кылууга шектүүлөр кармалды — видео

Опузалап акча талап кылууга шектүүлөр кармалды — видео

Опузалап акча талап кылууга шектелип эки жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 11-ноябрда Октябрь райондук милициясына К.С. аттуу жаран кайрылып, Э. жана М. аттуу жарандар жарым жылдан бери коркутуу жолу менен 6 миң доллар опузалап келе жатканын билдирген.

Аталган факт каттоого алынып, Кылмыш кодексинин 208-беренеси (Опузалап талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

«Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында, акча каражаттарын алып жаткан жеринен 31 жаштагы Н.М. жана 33 жаштагы Б.Э. аттуу жарандар кармалган. Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Тергөө амалдарынын жүрүшүндө алардын, мындан мурда болгон, каракчылык жасоого катыштыгы бар экендиги аныкталды», — деп айтылат маалыматта.

Учурда иликтөө иштери уланууда.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Милиция

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>