Ошто бир нече адамды сызга отургузуп кеткен шектүү кармалды

Ошто бир нече адамды сызга отургузуп кеткен шектүү кармалды

Ошто алдамчылыкка шектелип, издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралу шаардык милициядан билдиришти.

Маалым болгондой, шектүү катары кармалган Ноокат районунун 26 жаштагы Д. З. аттуу тургуну 2022-жылдан бери издөөдө жүргөн. Былтыр 22-декабрда шаардык сот тарабынан ага карата камакка алуу тууралуу сырттан өкүм чыгарылган.

«Аталган жаран Ош шаары жана облусунун тургундарынын кымбат баалуу унааларын «кымбатка сатып беремин» деп алдап алып, саткан соң акчасын ээсине бербестен изин жашырып кеткен. Анын үстүнөн 4 жабырлануучу милицияга арыз жазган. Тергөөнүн маалыматына караганда, жабырлануучулар мындан дагы көп болушу мүмкүн», — деп билдиришти милициядан.

Шектүү убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Учурда Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө иштери уланууда.

Милиция шектүүнүн кылмыштуу аракеттеринен жабыр тарткан жарандар болсо, 03222-4-25-36 жана 0550-89-89-24 номерлерине кайрылуусун суранат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: Милиция Ош

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>