Видео: Ошто үч цистерна оодарылып кетип, бир адам каза болду

Видео: Ошто үч цистерна оодарылып кетип, бир адам каза болду

Ошто бензин ташыган 3 цистерна оодарылып, бир адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 21-декабрда Ош шаарына жанаша жайгашкан Нариман айыл аймагындагы «Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү боюнча түштүк борборунун» мунай базасына жакын жайгашкан темир жол станциясында күйүүчү май (бензин) куюлган 3 цистерна (вагон) темир жол каттамынан чыгып, оодарылып кеткен.

Кырсыктын кесепетинен цистерна 59 жаштагы Э.У. аттуу эркек кишини (кыймылды тескөөчү) басып калып каза болгон. Ошондой эле 22 жаштагы С.А. аттуу жаран жаракат алып, Ош облустук ооруканасына жеткирилген, абалы туруктуу.

Жерине өрт чыгуу коркунучун жоюу, сөөктү басып калган цистернадан чыгаруу максатында куткаруучулар, өрт кызматкерлери тартылган.

«ИИМден 10 кызматкер, Тез жардам кызматынан 6 кызматкер тартылып, учурда кырсыктын кесепеттерин жоюу, жолдон чыгып кеткен цистернанын ичиндеги бензинди башка бактарга бошотуп, өрт коопсуздугун көзөмөлгө алуу иштери аткарылууда», — деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: ӨКМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>