Эки “КамАЗ” жана 20 тонна жер семирткич мамлекетке алынды

Эки “КамАЗ” жана 20 тонна жер семирткич мамлекетке алынды

УКМКнын кызматкерлери тарабынан кармалган эки “КамАЗ” жана минералдык жер семирткичтер мамлекетке конфискацияланды. Бул тууралуу аталган ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ушул жылдын 24-июнунда УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Лейлек районундагы “Тал” жергесинен кесип өтүүгө аракет кылган З.Ж.С. жана Э.Г.Р.нын башкаруусундагы “А5511L”, “03KG105ААL” мамлекеттик номурлуу эки “КамАЗ” кармалган. Айдоочулар менен бирге контрабандалык жүктүн ээлери Кыргызстандын жарандары Н.Ж.А. жана А.М.С. болушкан.

Бул жүк ташуучу унааларды текшерүү учурунда жалпы салмагы 20 тонна болгон “селитра” минералдык жер семирткич табылган.

2022-жылдын 21-декабрында Лейлек райондук сотунун өкүмү менен бул контрабандалык минералдык жер семирткичтерди ташууну уюштурууга катышкан Кыргызстандын жарандары З.Ж.С., Э.Г.Р., Н.Ж.А. жана А.М.С. Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктунда каралган (“Экономикалык контрабанда”) кылмышты жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылып, алардын ар бирине 160 000 сомдон айып пул салынган. Ошондой эле эки «КамАЗ» жана жалпы салмагы 20 тонна минералдык жер семирткич мамлекетке конфискацияланды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: КАМАЗ УКМК

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>