Быйыл окуу жылы 1-сентябрда башталат. Каникулдардын графиги

Быйыл окуу жылы 1-сентябрда башталат. Каникулдардын графиги

Бүгүн, 16-августта билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев “Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдары үчүн 2023-2024-окуу жылынын базистик окуу пландарын бекитүү жөнүндө” буйрукка кол койду. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Буйрукка ылайык, түрлөрүнө жана менчиктик таандыгына карабастан Кыргызстандагы бардык жалпы билим берүү уюмдарында 2023-2024-окуу жылы 1-сентябрда башталып, 2024-жылдын 25-майында аяктайт.

2023-2024-окуу жылына мектеп каникулдарынын графиги бекитилди:

— күзгү каникулдар – 7 календардык күн: 2023-жылдын 6-ноябрынан 12-ноябрына чейин созулуп, сабактар 2023-жылдын 13-ноябрынан башталат;

— кышкы каникулдар — 14 календардык күн: 2024-жылдын 1-январынан 14-январына чейин созулуп, сабактар 2024-жылдын 15-январынан башталат;

— жазгы каникулдар — 11 календардык күн: 2024-жылдын 21-мартынан 31-мартка чейин созулуп, сабактар 2024-жылдын 1-апрелинен башталат.

Биринчи класстардын окуучулары үчүн III чейректе кошумча бир жумага жазгы каникул күндөрү узартылат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>