Ошто Камчы Көлбаевдин оң колу кармалды (видео)

Ошто Камчы Көлбаевдин оң колу кармалды (видео)

Ош облусунда тургундан акча опузалаган уюшкан кылмыштуу топтун эки мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, быйыл сентябрь айында Кара-Суу районунун 25 жаштагы тургунунун үйүнө белгисиз адамдар «Мерседес-Бенц» унаасы менен келип, аны кү менен унаага отургузуп, эл жок жерге алып барышкан. Алар 25 жаштагы тургунга карызың бар деп айтып, акчаны берүүнү же үйүн алардын атына каттатып бер деп опузалашкан. Ал өз өмүрүнө жана ден соолугу үчүн коркуп, талап кылынган 220 миң сом берүүгө макул болгон. Бул окуя боюнча жабырлануучу милицияга кайрылган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (опузалап талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 45 жаштагы Ж.А. жана 37 жаштагы С.А. уулу аттуу жаран кармалган.

«Алар мурда бир нече жолу соттолушкан жана кылмыш чөйрөсүнүн өкүлдөрүнүн арасында кадыр-баркка ээ. Алардын бирөөсүнүн «профессор» каймана аты бар жана криминалдык төбөлдүн түштүктөгү оң колу (кеңешчиси) болгон», — деп айтылат маалыматта.

Шектүүлөр Ош шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.

Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Reporter.kg’ге өздүк булактар билдиргендей, кармалгандардын бири маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевдин түштүктөгү оң колу болгон.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Тэги: ИИМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>