Бишкекте Шакиранын концертине карата Bishkek Arena стадионунда сахна курула баштадыКыргызстандын жаштары атом тармагын өнүктүрүүнүн жол картасын түзүштүАраван районунда аңчылык жана балык уулоо эрежелерин бузган 4 адамга айып пул салындыЖКда балдардын Roblox оюнуна жеткиликтүүлүгүн чектөө сунушталдыТурак жай жана компенсациялар: КРда кооптуу аймактардан көчүрүүнүн жаңы тартиби сунушталуудаДүйнөдө 2 миллиарддан ашык адамдын көрүүсү начарлаган — ДСУнун маалыматы жана сунуштары
Кара-Көлдө жоокер чогуу кызмат өтөгөн жигитти атып алып, куралы менен качып кеткен
20.11.2023 | 13:17
Жалал-Абад облусунда ИИМдин Ички аскерлеринин жоокери өзү менен чогуу кызмат өтөгөн жигитти атып алып, окуя жеринен качып кеткен. Бул тууралуу ИИМдин Ички аскерлеринен билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя 20-ноябрда болжол менен саат 05:50 эки жоокер кароолдо турганда болгон. Кара-Көл шаарындагы 7706 аскер бөлүгүнүн №1 кароолунда (Токтогул ГЭСи) турган 2002-жылы туулган жоокер (У.Б.) өзү менен бир чакырыктагы жоокерди (С.Т.) атып алган. Алган жараатынан улам 2003-жылы туулган жоокер ошол жерде көз жумган.
Окуядан кийин катардагы жоокер У.Б. өзүнүн куралы менен кароол жайын таштап, белгисиз жакка качып кеткен. Учурда качып кеткен жоокерди издөө иштери жүрүүдө.
Ошондой эле аталган окуя боюнча териштирүү иштери башталган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом