Ошто келин кайнатасын өлтүргөнүн айтып милицияга келген

Ошто келин кайнатасын өлтүргөнүн айтып милицияга келген

Ош облусунда келин кайнатасын өлтүргөнүн айтып милицияга кайрылган. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Милициянын маалыматы боюнча, 1-сентябрда аларга 27 жаштагы келин (Р.С. кызы) келип, кайнатасын өлтүргөнү тууралуу билдирген. Анын айтымында, 1-сентябрга караган түнү ал кайнатасы менен чырдаша кетип, аны бир нече жолу бычак менен аркага сайган. Кайнатасы алган жараатынан улам көз жумган.

Бул факт каттоого алынып, текшерүү иштери жүргүзүлгөн. Чогултулган материалдардын негизинде «адам өлтүрүү» беренеси менен кылмыш иши козголгон. Ошондой эле тиешелүү экспертизалар дайындалып, окуянын күбөлөрү суракка алынган.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө жаңы жагдайлар аныкталып, кылмышка шектүү катары келинден тышкары 27 жаштагы Н.А. аттуу жаран кармалган.

Тэги: Милиция Ош

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>