Ташиев: “Төлөйкөн” ат майданында жаңжалды баштагандар жазаланат

Ташиев: “Төлөйкөн” ат майданында жаңжалды баштагандар жазаланат

Ош облусунун “Төлөйкөн” ат майданында “Достук” жана “Ынтымак” командаларынын көк бөрү боюнча Кубогунун финалы жаңжал менен аяктады. Окуя болгон жерден видео социалдык тармактарга жарыяланды.

Оюндун жыйынтыгында жеңиш «Ынтымакка» ыйгарылды, бирок көрүүчүлөр калыстын чечимине нааразы болушту.

Алдын ала маалымат боюнча, судья сабалган. Соцтармактарга тараган кадрлардан аны милиционерлер талаадан алып кеткенин көрүүгө болот.

Кийинчерээк УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Region телеканалы аркылуу билдирүү таратып, “Төлөйкөн” ат майданында болгон жаңжал боюнча мыйзам чегинде чара көрүлөрүн билдирди.

Ал эми Ош облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, оюнду көрүүгө 40 миңдей адам келген. Белгиленгендей, финалдан кийин көрүүчүлөр жыйынтыкка нааразы болуп, калыстыкына желим бөтөлкө ыргыта башташкан. Факты боюнча текшерүү жүрүп жатат. Кечке жуук эл тарап кетишкен. “Төлөйкөн” ат майданынын аймагында абал туруктуу.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР
Тэги: Көк бөрү Ош

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>