Ошто кыргыз-казак акындарынын айтышы өтөт

Ошто кыргыз-казак акындарынын айтышы өтөт

Ош шаарында 30-31-август күндөрү кыргыз-казак төкмө акындарынын айтышы өтө турганын «Айтыш» коомдук фонду билдирди.

Маалыматта иш-чара Эгемендүүлүк күнүнө карата алгачкы агартуучу, ойчул, жазма акын Молдо Нияз Эрназар уулунун 200 жылдыгына арналары белгиленген. Айтыш Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында тартууланмакчы.

Кыргыз акындары:

Азамат Болгонбаев;

Асылбек Маратов;

Баян Акматов;

Акматбек Султан уулу;

Изат Айдаркулова;

Кубат Тукешов;

Кутман Садыбакасов;

Чыңгызхан Кожошев.

Казак акындары:

Нурмат Мансуров;

Мухтар Ниязов;

Айшолпан Тилеутай;

Казирет Бердихан;

Аманжол Куантканулы;

Талгат Орынбеков;

Тилек Базар уулу;

Данияр Алдаберген.

Иш-чара Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Кыргыз улуттук «Манас» театры, Республикалык «Айтыш» коомдук фонду, президенттин Ош жана Баткен облустарындагы өкүлчүлүктөрү, ошондой эле «Молдо Нияз мурастары» коомдук фонду тарабынан өткөрүлүүдө. Байге фонду 3 миллион сом экени айтылды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: Айтыш Ош

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>