Кыргызстан Дүйнөлүк банкты ак илбирсти коргоого жана 2027-жылкы тоо саммитине даярдык көрүүгө чакырдыБаткенде эркек киши аялын бычактап, андан кийин өзү асынып каза болдуКыргызстанда мугалимдердин айлыгы эки эсе көтөрүлдү — кенен маалыматТоктогул суу сактагычынан 12 миң метр синтетикалык тор чыгарылдыБишкекте хоккей боюнча Азия Кубогу башталатКыргызстандын жеке энергетикалык компаниялары Энергетика министрлигинин үстүнөн президентке арыз менен кайрылышты
Ошто кызга уят сөз айтып видео тарткан блогер Саяныч милицияда сурак берүүдө
27.03.2024 | 10:50
Социалдык тармакта блогерлик менен алектенген 23 жаштагы Кочкор-Атанын тургуну Саяныч аттуу жигит Ош шаарынын Ички иштер башкармалыгына жеткирилди. Бул тууралуу милиция билдирип, анын элден кечирим сураган видеосун жарыялады.
Ага карата чара көрүү өтүнүчү менен эки арыз түшкөн. Өзгөн районунун бир тургуну жана блогер Азамат Ормокеев Саяныч жарыялаган видеого даттанышкан.
Белгилей кетсек, 25-март күнү аталган блогер Ош шаарындагы Достук көпүрөсүндө туруп, жолдон өтүп бара жаткана кызга карата уят сөз айткан. Ал видеону өзү баракчасына жарыялаган.
Азамат Омокеевдин маалыматында, Саянычка Укук бузуулар кодексинин 126-беренеси менен “Майда бейбаштык” айыбы тагылышы мүмкүн.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар