Кожо Жоел бир оюнда курама үчүн үч гол киргизген төртүнчү футболчу болуп калды

Кожо Жоел бир оюнда курама үчүн үч гол киргизген төртүнчү футболчу болуп калды

Кыргызстандын футбол курамасы дүйнө чемпионатына тандоо турунун алкагындагы Кытайлык Тайбей менен болгон экинчи беттешинде 5:1 эсебинде жеңишке жетти.

Кураманын эсебиндеги үч голду чабуулчу Кожо Жоел жана бирден голду коргоочу Християн Браузман менен жарым коргоочу Кими Мерк киргизди.

Кожо Жоел Кыргызстандын футбол тарыхында бир беттеште курама үчүн үч гол киргизген төртүнчү оюнчу болуп калды.

Буга чейин биринчи болуп хэт-трик жасаган спортчу Виталий Люкс болгон. Ал 2019-жылы Азия кубогунда Филиппиндин дарбазасына үч гол киргизген.

Виталий Люкс

Ошол эле жылы октябрда дүйнө чемпионатына тандоо турунун алкагында жарым коргоочу Эдгар Бернхардт Мьянмага үч гол киргизген.

Эдгар Бернхардт

2021-жылы июнда чабуулчу Мирлан Мурзаев Мьянмага каршы беттеште хэт-трик жасап, курама үчүн бир оюнда үч топ киргизген үчүнчү футболчу болгон.

Мирлан Мурзаев

Белгилей кетсек, Кыргызстан Кытайлык Тайбейди ири эсеп менен жеңгенден кийин өзүнүн D тайпасында биринчи орунга көтөрүлдү. Азыр биринчи орунду турган Кыргызстандын жана экинчи саптагы Омандын 9дан упайы бар. Бирок “ак шумкарлар” атаандаштарына киргизген голдору көбүрөөк болгондуктан, Кыргызстан тайпада алдыда турат.

Ошондой эле D тайпасында 6 упайы бар Малайзия үчүнчү жана катары менен 4 оюнунда жеңилүү ызаасын тарткан Кытайлык Тайбей акыркы орунда турат.

Кыргызстан тандоо турунун кийинки баскычына чыгуу үчүн өз тайпасында биринчи же экинчи орунду ээлеши керек.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>