Түптөгү селдин кесепеттери — сүрөт

Түптөгү селдин кесепеттери — сүрөт

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Ысык-Көл облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында табигый кырсыкка дуушарланган Каркыра айыл аймагына караштуу Корумду, Көчөсү, Талды-Суу айылдарынын жашоочуларынан кабар алды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, министр элдин абалын жеринде көрүп, элеттиктердин көйгөйлөрүн угуп, сел жүргөн аймактардагы иштин аткарылышын өз көзөмөлүнө алды.

Ошондой эле Түп районуна караштуу Каркыра айыл аймагында катталган селдин кесепетинен, түзүлгөн кырдаалды тактоо, адамдардын өмүрүн сактоо жана авариялык куткаруу жана башка кечиктирилгис иш-чараларды өз убагында аткаруу максатында Каркыра айыл аймагынын башчысынын 8-августундагы буйругунун негизинде Талды-Суу, Корумду, Көөчү айылдарында «Өзгөчө кырдаал» режими киргизилди.

Аталган айылдарда жалпы болжол менен 92 турак үйдүн короосун, жертөлөсүн жана ички чарбалык жолдорун, айдоо талааларын каптаган.

Табигый кырсыктын кесепеттерин жоюга 249 адам тартылып, анын 103ү куткаруучулар. Таң эрте куткаруучулар 5 топко бөлүнүп иштешүүдө. Учурда Жарандык коргонуу комиссиясы материалдык чыгымдарды, зыян тарткан үйлөрдү тактоо иштерин жүргүзүшүүдө.

Түптө кайрадан сел жүрдү — видео

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>