Ошто медициналык колледждин мугалимдери пара менен кармалды

Ошто медициналык колледждин мугалимдери пара менен кармалды

Ош шаарында атайын орто билим берүү мекемесинин мугалимдери мыйзамсыз сый акы алган деп шектелүүдө. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ИИМдин Тергөө кызматына Ош медициналык колледжинин студенттери кайрылып, мугалимдер тарабынан акча каражаты талап кылынып жаткандыгын билдиришкен.

Аталган факты боюнча ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 251-беренеси (Кызматчынын сый акыны мыйзамсыз алуусу) менен кылмыш ишин козголгон.

Кылмыш ишинин алкагында ИИМдин КИББнын 3-башкармалыгынын Уюшкан кылмыштуу топторду каржылоого бөгөт коюу бөлүмүнүн кызматкерлери жана ИИМдин Тергөө кызматынын тергөөчүлөрү тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлгөн.

Тергөөнүн жүрүшүндө коррупциялык схема аныкталган. Алсак, мыйзамсыз жол менен алынган акчаны окуу жайдын айрым кызматкерлери өз ара бөлүшүп алышмакчы болушкан.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери кесипкөйлүк менен жогорку деңгээлде жүргүзүшкөн деп айтууга болот, анткени окуу жайдын кызматкерлери кесиптештерин бир-бирден «кылмыш үстүндө» кармалып, мыйзамсыз иш аракеттери тууралуу көрсөтмөлөрүн берип жатышканын байкашкан эмес.

Ошентип, 24-апрелде ИИМдин Тергөө кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн тергөө ыкчам иш-чараларынын негизинде, окуу жайдын имаратынын жанынан колледждин мугалимдеринин бирин пара алуу учурунда кармашкан.

Ага жеке тинтүү жүргүзүү учурунда жанынан мурда белгиленген 6000 сом акча каражаты табылып алынган. Ал эми, мыйзамсыз акча каражатын алгандан кийин көчөдөн кармалган экинчи мугалимге да өздүк тинтүү учурунда сумкасынан 13 500 сом өлчөмүндөгү акча табылып алынган.

Мындан тышкары, ортомчу болуп жүргөн студентке жеке кароо учурунда 5000 сом акча табылып алынган.

Белгилей кетсек, алардын айрымдары мыйзамсыз акчалай сыйлыктын суммасын өз ара бөлүштүрүп алышкандан кийин кармалышкан.

Ошол эле күнү, милиция кызматкерлери тарабынан жетекчи курамдагы кызматкер – директордун орун басары кармалып, ага карата жанына жеке тинтүү учурунда сумкасынан 2000 сом өлчөмүндөгү акча каражаты табылып, алынган.

Учурда аталган фактылар боюнча тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>