Теңгиз Бөлтүрүктүн иши. Прокуратура канча акча кайтарылганын айтты

Теңгиз Бөлтүрүктүн иши. Прокуратура канча акча кайтарылганын айтты

Башкы прокуратура коррупция иши боюнча кармалган «Кумтөр Голд Компани» ишканасынын мурдагы тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүктүн үй камагына чыгышы боюнча түшүндүрмө берди.

Белгилей кетсек, Теңгиз Бөлтүрүк прокуратура келтирген өтүнүч менен 30-апрелде Октябрь райондук соту тарабынан үй камагына чыгарылган.

Башкы прокуратура билдиргендей, Теңгиз Бөлтүрүккө коррупция беренеси менен иш козголуп, мамлекетке 1 млрд 146,4 млн зыян келтирилгени аныкталган. Учурда келтирилген зыяндын 80% жакыны, тактап айтканда 844 млн 512,8 миң сому Теңгиз Бөлтүрүк жана аны менен бирге кармалган айыпкерлерден өндүрүлүп, мамлекеттин казынасына кайтарылган.

«Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгына Теңгиз Бөлтүрүктүн жактоочулары тарабынан айыпкерди абактан үй камагына бошотуу тууралуу өтүнүч келип түшкөн. Жогорудагыларды эске алуу менен Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту тарабынан Теңгиз Бөлтүрүктүн бөгөт коюу чарасы үй-камагына өзгөртүлдү. Учурда кылмыш иши боюнча тергөө аракеттери жана келтирилген зыяндын калган суммасын өндүрүүгө багытталган тийиштүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, былтыр сентябрь айында Башкы прокуратура Теңгиз Бөлтүрүк менен бирге эки кишини «Кумтөр Голд Компанидеги» коррупциялык ишке шектеп кармаган.

Теңгиз Бөлтүрүк үй камагына чыгарылды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>