Ошто милиция жайлоодо адашып кеткен эки баланы таап, ата-энесине өткөрүп берди

22.04.2024 | 15:55

Ош облусунун Кара-Кулжа районунда милиция жайлоодо адашып кеткен 9 жана 7 жаштагы эки баланы таап, ата-энесине аман-эсен өткөрүп берди. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 20-апрелде саат 22:50до милицияга облус тургундары кайрылып, Ылай-Талаа айыл аймагынын Кызыл-Таш жайлоосуна көчүп баратканда, эки баласы адашып кеткендиги тууралуу билдирген.

Бул факт каттоого алынып, милиция кызматкерлери дароо аталган жайлоого жөнөп кетишкен. Кызматкерлер жайлоого түнкү саат 00:00 чамасында жетип барып, эки жаш өспүрүмдү издеп табышкан.

Балдардын айтымында, ошол күнү алар ата-энеси менен жайлоого кой айдап бара жатышкан. Жүк артылган эшектерди минген эки бала ата-энесинен артта калып, күн кеч болуп, жаан катуу жаап киргендиктен жолдон адашып кеткен.

Милиция кызматкерлери балдарга тамак берип, кийимдерин кургатып, ата-энесине аман-эсен өткөрүп берген.

[image_carousel source=”media: 208587,208589″ limit=”20″ slides_style=”photo” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”no”]

Scroll to Top