Кыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдүБишкекте Шакиранын концертине байланыштуу айрым көчөлөр жабылдыСадыр Жапаров Армения менен транспорттук кызматташтыкты кеңейтүү маанилүү экенин билдирдиЕреванда кыргыз-армян кызматташтыгын өнүктүрө турган бир катар документтерге кол коюлду
Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышууда төрт аскер жарадар болду
16.09.2022 | 09:17
Бүгүн, 16-сентябрь саат 06:00дө Баткен районунун Эки-Таш участкасына Тажик тараптын куралдуу кол салуусунан 4 аскер кызматкери жарадар болду. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, саат 08:00гө карата Баткен районунун Кызыл-Бел, Көк-Таш, Тамдык, Достук айылдарында жана Төрт-Көчө участкасында ок атышуу болуп жатат.
Баткен районунун кооптуу айылдарында жашаган тургундарды эвакуациялоо иштери башталды.
Учурда облус башчысы Абдикарим Алимбаев күч структуралары менен биргеликте чек арада иш алып барууда. Ал эми жалпы кырдаалды УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев көзөмөлгө алууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом