Сузакта акыркы коңгуроодогу чуудан соң мектеп директору иштен алынды

Сузакта акыркы коңгуроодогу чуудан соң мектеп директору иштен алынды

Пиротехникалык каражатты күйгүзүүдөн улам 7-класстын окуучусу күйүк алган окуядан кийин мектеп жетекчиси кызматтан бошотулду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен маалымдашты.

Маалыматка караганда, Билим берүү жана илим министрлиги Сузак райондук билим берүү бөлүмү берген маалыматка таянып, 2023-жылдын 25-майында №16 С.Акбаров атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебиндеги “Акыркы конгуроо”салтанатында катталган окуя тууралуу төмөнкүлөрдү билдирет.

Аталган мектептин 11-класстарынын бүтүрүүчүлөрү салтанаттуу иш-чара өтүп жаткан аянтка кирип келе жаткан. Бүтүрүүчүлөрдүн бири А.Ж. пиротехникалык каражатты күйгүзүп жаткан мезгилде 7-класстын окуучусу Ж.М. жанына бара калган, аны эч ким чакырган эмес. Натыйжада окуучу Ж.М. жүзү күйүп калган. Учурда ал Жалал-Абад шаардык ооруканасында, абалы жакшы.

Буга чейин жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилерине пиротехникалык каражаттарды колдонбоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, кол койдурулган.

Мындан улам №16 С.Акбаров атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин убактылуу директордун милдетин аткаруучу А.С.Нажмидинов жана директордун окуу-тарбия иштери боюнча орун басары М. Абдуллаходжаева ээлеген кызматынан бошотулду.

Билим берүү жана илим министрлиги эскертет!Жалпы билим берүү уюмдарында уюштурулган бардык иш-чараларда пиротехникалык каражаттарды колдонууга тыюу салынат!” деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>