Агартуу министрлиги Бишкекте кайсы бала бакчаларда бош орундар бар экенин маалымдадыИИМ: Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы коррупцияга шектелип кармалдыБишкекте Абдрахманов көчөсүндө 10 күнгө жол кыймылы чектелетАдылбек Касымалиев Минскте Александр Лукашенко менен жолугуштуКыргызстан менен Италиянын соода палаталары кызматташуу боюнча меморандумга кол койдуКУУнун окутуучусу бешинчи ирет Азия чемпиону болду — окуу жай жеңишти белектер менен белгиледи
Дыйкандар үчүн солярка 65 сомдон сатылууда. Каяктан алса болот?
24.03.2023 | 15:25
Дыйкандар үчүн дизель майы 65 сомдон сатылууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, дыйкандарды колдоо максатында Мамлекеттик материалдык резервдер фонду тарабынан Red Petroleum компаниясы аркылуу 3 млн литр дизель майы 65 сомдон сатылып жатат.
“Жакын арада кошумча дагы 3 млн литр дизель отуну берилет”, – деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, учурда Бишкекте дизель майы 72,9-74 сомдон сатылууда. Ал эми аймактарда баа андан кымбатыраак болот.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом