Ошто 70тей көп кабаттуу үйдүн фасаддары жаңыланатӨКМ: Тоолуу аймактарда 10–12-майда сел жүрүү коркунучу барСокулукта 5 күндөн бери изделип жаткан өспүрүм табылдыБишкекте 9-май күнүндөгү иш-чараларда коопсуздук чаралары күчөтүлөтБорбор Азия өлкөлөрү сугат мезгилинде Токтогул ГЭСинен суу берүүнүн көлөмүн макулдаштыМонополияга каршы кызмат: Кыргызстандагы баалар эң жогору эмес — уй эти жана бензин боюнча маалыматтар
Өлкөдөн 16,2 миң $ чыгарып бараткан Орусиянын жараны кармалды
27.03.2023 | 12:45
Ош облусунда “Достук” бекетинде мыйзамсыз доллар чыгарып кетүүгө аракет кылган Россиянын жараны кармалды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, бүгүн, 27-мартта 10:50дө Кыргызстандан Өзбекстанга бара жаткан 37 жаштагы Россиянын Р.Х. аттуу жаранын текшерүү учурунда, андан 16 миң 275 доллар табылган. Аталган жаран акчаны дерларациялабай, алып өтүүгө аракет кылган.
Кийинки териштирүү иштери үчүн кармалган жаран менен акча тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилген.
Эскерте кетсек, быйыл 16-январда Кыргызстандан долларды накталай түрдө алып чыгууга чектөө киргизилген.
Кыргызстандан 10 миң доллардан көп акча чыгарууга тыюу салынды
Биздин Телеграм каналга катталыңыз