Ошто соодаргерлердин митинги уланды. Милиция төрт кишини кармады

Ошто соодаргерлердин митинги уланды. Милиция төрт кишини кармады

Ош шаарында борбордук базардын соодагерлери бүгүн дагы митингге чыгышты. Алар соода түйүнүн башка жерге көчүрүлүшүнө каршы чыгууда.

Алардын айтымында, жаңы жерге кардарлар барбай, соодасы солгундайт.

«Азыр базарга барып соода кыла бергиле деп жатышат. Бирок көпүрөнү бузуп, электр жарыгын өчүрүп коюшкан. Кантип иштейбиз. Базарды бузбасын, Жапалакка көчүрсө ал жакка эч ким барбайт. Сел Озгур жактан келди, ошол жакты тазаласын, оңдосун», — дейт ишкерлер.

Мэриянын өкүлдөрү базар Жапалак айылына көчүрүлгөндөн кийин соодагерлер бекер орун берилип, бардык шарттар түзүлөрүн айтышты.

Милиция төрт киши кармап кетти. Ички иштер башкармалыгынын Reporter.kg’ге билдирүүсүндө, митингге чыккандар сурак берип жатат.

Белгилей кетсек, 14-июль күнү Ош катуу сел жүрүп, Ак-Буура дарыясынын жээгиндеги базарга ашып, ишкерлердин товарларын жана бир аялды агызып кеткен. 19-июль күнү УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Ошко барып, эки айдын ичинде соода жайын Жапалакка көчүрүүнү тапшырган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>