Самаркандда Жээнбек Кулубаев менен АКШнын мамкатчысы Марко Рубио жолугуштуКыргызстанда кыймылсыз мүлктү каттоону кечиктиргендиги үчүн туум киргизүү сунушталуудаОш шаарындагы эски базардын ордуна эс алуу жайы жана туристтик шаарча курулатЫсык-Көл облусунда миң гектардан ашык кунарсыз жайытка үрөн себиле баштадыЭки оркестр, эки өлкө: Бишкекте кыргыз-швейцар марш-парады өттүКыргызстанда өзгөчө айкалыштагы унаа номерлеринин сертификатын кайра каттоо онлайн форматка өттү
Кыргызгидрометтин аткаминерлери мамлекеттик бюджетке 16 млн сом зыян келтиришти — Башкы прокуратура
29.07.2026 | 10:36

Аскер прокуратурасы Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик гидрометеорология кызматында бюджеттик каражаттарды системалуу түрдө уурдоонун туруктуу коррупциялык схемасын аныктады. Бул тууралуу 29-июлда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Көзөмөл органынан маалымдашкандай, Кыргызгидрометтин жооптуу кызмат адамдары узак убакыт бою мурда жумуштан бошотулган кызматкерлерге, ошондой эле айрым иштеп жаткан кызматкерлерге өздөрүнө тийиштүү төлөмдөрдөн бир топ ашкан өлчөмдөгү акча каражаттарын мыйзамсыз которуп келишкен.
«Кылмыштуу схема кылдат жашырылып келгендиктен, анын катышуучулары узак убакыт бою бюджеттик каражаттарды тоскоолдуксуз өздөштүрүп келишкен. Натыйжада мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө — 16 млн сом материалдык зыян келтирилген», — деп айтылат маалыматта.
Кылмыш иши козголду. Тергөө жүрүп жатат.