Ошто Тажикстандан мыйзамсыз жүзүм ташыган эки жаран кармалды

Ошто Тажикстандан мыйзамсыз жүзүм ташыган эки жаран кармалды

Ош шаарында Тажикстандан Кыргызстанга мыйзамсыз жүзүм ташыган эки жаран кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош шаарында Г.П.И аттуу кыргыз жараны башкарган Mercedes-Benz унаасы токтотулуп, текшерүүгө алынган. Унаадан баасы 132,5 миң сом болгон 2,2 тонна жүзүм чыккан. Аны менен бирге Ош шаарында жүзүмдү мыйзамсыз ташып келе жаткан башка кыргызстандык кармалган. М.М.Ж. аттуу жарандын унаасында баасы 132,5 миң сомду түзгөн 2,2 тонна жүзүм аныкталган.

Аталган фактылар каттоого алынып, чогултулган материалдар Ош облустук прокуратурасына өткөрүлүп берилген.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>