Нарында облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун жаңы имараты ачылдыБишкектин айрым көчөлөрүндө 14–16-октябрда газ өчүрүлөтОрусия Кыргызстанга салыктык башкарууну жакшыртууга жардам беретСадыр Жапаров Бишкекте ипотекалык батирлерди пайдаланууга бердиЧеттен ташылып келген унааларды техникалык кароодон өткөрүү: Кыргызстанда жаңы эрежелер иштелип чыкты — чоо-жайыКыргызстандын аскерлери Беларуста ЖККУнун тынчтык орнотуу операциясын машыгууда
Ошто төрөт учурунда 30 жаштагы аял набыт болду
08.04.2024 | 15:34
Ошто төрөт учурунда 30 жаштагы аял набыт болду. Бул тууралуу маалыматты Reporter.kg’ге Саламаттыкты сактоо министрлигинен ырасташты.
Маалыматка караганда, кош бойлуу келин 25-мартта оор абалда төрөт үйүнө жеткирилген.
“Анын жүрөгүндө тешиги бар экен. Ага кесарева жасалып, ай-күнү жете элек ымыркайды алышкан. Баланын абалы туруктуу”, – дейт мекеме.
Аял жандандыруу бөлүмүндө өзүнө келбей 3-апрелде көз жумду.
Жыл башынан бери 5 аял төрөттөн каза болду.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом