Самаркандда Жээнбек Кулубаев менен АКШнын мамкатчысы Марко Рубио жолугуштуКыргызстанда кыймылсыз мүлктү каттоону кечиктиргендиги үчүн туум киргизүү сунушталуудаОш шаарындагы эски базардын ордуна эс алуу жайы жана туристтик шаарча курулатЫсык-Көл облусунда миң гектардан ашык кунарсыз жайытка үрөн себиле баштадыЭки оркестр, эки өлкө: Бишкекте кыргыз-швейцар марш-парады өттүКыргызстанда өзгөчө айкалыштагы унаа номерлеринин сертификатын кайра каттоо онлайн форматка өттү
«Манас» аэропортунда расмий такси кызматтары гана иштей алат
18.08.2026 | 10:28

«Манас» аэропортунда «Кыргызстан аэропорттору» ААК менен келишим түзгөн расмий такси кызматтары гана иштей алат. Бул тууралуу Reporter.kg басылмасына компаниянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, автоунаалар белгиленген талаптарга жооп бериши керек — алар жаңы жана брендиленген (фирмалык белгилери бар) болууга тийиш.
Компания аэропорт өзүнүн жеке такси кызматын түзүүнү пландабаганын, анткени анын негизги ишмердүүлүгү авиация менен байланыштуу экенин баса белгиледи.
«Жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн аэропорттун аймагына «Кыргызстан аэропорттору» ААК тийиштүү келишимдерди түзгөн такси кызматтарынын унаалары гана кире алат», — деп жыйынтыкташты компаниядан.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом