Улан Ниязбеков Грузиянын премьер-министри жана ИИМ башчысы менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдүКазакстандын энергосистемасындагы мүчүлүштүктөн улам Кыргызстан убактылуу обочолонгон режимде иштеди — УЭТАжылык-2027: Сауд Арабиясы зыяратчыларга медициналык талаптарды койдуГ. Айтиев атындагы музейде Бишкектин тарыхына арналган лекция өтөтКыргызстанда угуусу начар балдар үчүн 30 млн сомдук сүйлөө процессорлору сатылып алындыБишкекте электр энергиясында мүчүлүштүктөр болду — Энергетика министрлиги себептерин тактоодо
Ошто унаасы менен сууга түшүп кеткен жаран куткарылды
08.07.2019 | 09:56
Ошто ӨКМдин куткаруучулары унаасы менен сууга түшүп кеткен жаранды куткарып калышты. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Кырсык 6-июль күнү болгон. “Daewoo Matiz” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай, Ош шаарынын Мушкетов көчөсүндөгү каналга түшүп кеткен.
Окуя болгон жерге 4 куткаруучу тартылып, 47 жаштагы айдоочуну унаадан алып чыгып тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Учурда анын абалы туруктуу.
Рубрики: Жаңылыктар