Бишкекте Ала-Тоо аянтында Көчмөндөр оюндарына чейинки убакытты саноо башталат

19.05.2026 | 11:08

Оюндардын катчылыгы билдиргендей, 23-майда саат 19:30да Бишкектин Ала-Тоо аянтында «VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 100 күн калды» аттуу артка саноо таблосун ишке киргизүү боюнча салтанаттуу азем өтөт.

Маалыматка ылайык, «Оюндарга 100 күн» датасы катышуучулар, коноктор, туристтер жана Кыргызстандын тургундары үчүн ири эл аралык этномаданий жана спорттук окуялардын биринин жакындап келе жатканын билдирген маанилүү символикалык белги болуп саналат.

Борбор калаанын тургундары жана коноктору үчүн атайын программа даярдалган, ага төмөнкүлөр кирет:

  • концерттик программа;
  • улуттук спорттун түрлөрү боюнча көрсөтмөлүү оюндар;
  • өнөктөштүк жана тематикалык аянтчалар;
  • VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын белектерин (сувенирлерин) таратуу.

Салтанаттуу аземге Министрлер кабинетинин, мамлекеттик органдардын, ДКОнун (Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын) Эл аралык катчылыгынын өкүлдөрү, долбоордун өнөктөштөрү, ыктыярчылар, ошондой эле борбор калаанын тургундары жана коноктору катышат.

Эскерте кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин өтөт.

Scroll to Top