Ошто уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды — видео

Ошто уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды — видео

Ош шаарында “Касап” каймана аттуу уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Ош шаардык ички иштер башкармалыгына 6-октябрь күнү Ош облусунун 1996-жылы туулган тургуну арыз менен кайрылган.  Анда ал 2022-жылдын 4-октябрь күнү болжол менен саат 03:00 чамасында Ош шаарынын Ленин көчөсүндө орун алган «Лофт» кафесинде отурган жеринен ага бейтааныш болгон жаран эч себепсиз бычак такап, аны уруп кетишкендигин билдирген.

Бул факты боюнча топтолгон материалдар Ош шаардык ички иштер башкармалыгына катталып, териштирүү иштери жүргүзүлө баштаган. Жогорудагы кылмышты жасаган атуулдун өздүгүн тактоо максатында зарыл болгон ыкчам иликтөө иш-чаралары жүрүгүзүлүп, жыйынтыгында жабырлануучуну уруп, денесине жарат келтирген атуул криминалдык чөйрөдө “Касап” деген каймана ат менен таанылган Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну, 1995-жылы туулган Т.Б. экендиги такталган.

Анын жүргөн жерин тактап, тергөөгө камсыз кылуу боюнча иш-чаралар жүргүзүлгөн. Бирок, шектүү тергөөдөн изин жашырып, белгисиз жакта жашырынып жүргөн. 2022-жылдын 8-октябрь күнү Ош ШИИБдин тергөө кызматы тарабынан Жазык кодексинин 280-беренесинин белгилери менен кылмыш иши козголгон.

Жогорудагы кылмыш иштин алкагында аталган кылмышка шектүү катары криминалдык чөйрөдө “Касап”  деген каймана ат менен таанылган Ош облусунун тургуну, 1995-жылы туулган Т.Б.тин жүргөн жерин тактоо максатында комплекстүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлгөн.

Жыйынтыгында 8-октябрь күнү Ош шаарынын аймагындагы түнкү эс алуу клубдарынын биринде эс алып жаткан учурда кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери Ош ШИИБдин атайын операциялар отрядынын (СОБР)  жардамы  менен кармашкан.

Шектүүгө кароо жүргүзгөн учурунда  кылмышка далил буюм  катары жанынан  бычак жана жасалма 100$ АКШ доллары алынган.Шектүү Ош ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Кылмышка шектүү мурда дагы 2018-жылы Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пунктунда каралган кылмыштын белгилери менен жоопко тартылган.  Ал 2020-жылдан баштап Ички иштер министрлигинин атайын тизмесинде уюшкан кылмыштуу топтүн мүчөсү катары каттоодо турат.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР
Тэги: Милиция Ош

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>