Ошто жаш жубайлар бир айдан бери дайынсыз болууда

Ошто жаш жубайлар бир айдан бери дайынсыз болууда

Ош шаарында бир айдан ашык убакыттан бери дайынсыз болгон жаш жубайлар изделүүдө. Бул тууралуу Ош шаардык милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 29 жаштагы Руслан Касымов менен 24 жаштагы келинчеги Акмөөр Орунбаева 6-июнь күнү Бий-Ордо мейманканасынан чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон.

Руслан Касымовдун өзгөчө белгилери:

Бою 160-165 см, арык чырай, ак жумал, моюн тарабында калы бар, сол колунун чыканак бөлүгүнүн үстүндө колу сынганда калган тырыгы бар, башка өзгөчө белгилери жок. Кийген кийимдери: үстүндө кара түстөгү спорттук кийим шымы менен, бутунда ак түстөгү спорттук бут кийим.

Акмөөр Орунбаеванын өзгөчө белгилери:

Бою 155-160 см, арык чырай, ак жумал, кашы, көзү кара, жоолук оронуп жүрөт (хижап), башка өзгөчө белгилери жок.Кийген кийимдери: белгисиз.

Милиция жаш жубайларды көргөн-билгендер болсо же кандайдыр бир маалыматы бар жарандарды (+996) 559-199-090, (+996) 551-621-041, (03222) 6-64-02 номерлерине кабар берүүсүн суранат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: Милиция Ош

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>