Кыргызстанда шайлоого катышпаган жарандарга айып салуу сунушталды   

Кыргызстанда шайлоого катышпаган жарандарга айып салуу сунушталды   

Кыргызстандын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш бербеген жарандар үчүн айып пул салуу сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоорун депутат Тазабек Икрамов демилгелеп, коомдук талкууга чыгарды.

Депутат “Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштап жатат.

Өзгөртүүлөргө ылайык, президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш берүүдөн баш тарткандыгы үчүн ар бир кыргызстандык 50 эсептик көрсөткүч – бул 5 миң сом айыпка жыгылышы мүмкүн.

Жүйөлүү себептер менен добуш берүүгө катышпай калган жарандар үчүн гана айып салынбашы мүмкүн.  Мындай себептердин критерийлери мыйзам долбоорунда так жазылган эмес.

Маалымкат негиздемеде Европанын көптөгөн өлкөлөрүндө, Австралияда, Бразилияда, Түркияда жүйөлүү себепсиз шайлоого катышпай калган жарандарды жоопкерчиликке тартуу практикасы бар экени айтылат.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси белгилегендей, мындай чара шайлоо учурунда шайлоочулардын жетиштүү катышуусун камсыздайт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>