Оштогу оорукана блогер Аружан Бекешеванын билдирүүсү боюнча түшүндүрмө берди (видео)

Оштогу оорукана блогер Аружан Бекешеванын билдирүүсү боюнча түшүндүрмө берди (видео)

Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасы жол кырсыктан жабыркаган блогер Аружан Бекешеванын дарыгерлер корпоративин майрамдап, ага байланыштуу рентгенден өткөрбөй, коридордо күттүрүп койгону тууралуу билдирүүсү боюнча түшүндүрмө берди.

Ооруканадан билдиришкендей, 26-декабрда болжол менен сат 17:30да алардын кабыл алуу бөлүмүнө 23 жаштагы Аружан Бекешева келип түшкөн. Бейтапты нөөмөттө турган дарыгер-травматолог Султан Жусупбеков кабыл алып, бир сыйра кароодон өткөрүп, дартын аныктаган. Андан кийин нейрохирургия бөлүмүнө жаткыруу үчүн бейтап баянын (история болезни) ачып, 4 орундуу 3-палатага жаткырган.

«Бейтап нейрохирургия бөлүмүнө барган учурда 2 мүнөт 40 секунддун ичинде палатага жайгаштырылган. Керебеттин шейшептерин алмаштырганча, коридордо болгону 2 мүнөт 40 секунд гана болгон (бөлүмдөгү видеокөзөмөлдөн видео тиркелет). Ооруканада ар дайым күзөттөгү дарыгерлер өз милдеттерин аткарып, ар бир бейтапты кабыл алып, текшерүүдөн өткөрүп, тийиштүү бөлүмдөргө жайгаштырышат. Дарыгерлер үчүн блогерлер болобу, катардагы карапайым бейтап болобу айырмасы жок. Азыркы учурда бейтапка кошумча изилдөөлөр жүргүзүлүп, тийиштүү жардам көрсөтүлүүдө», — деп билдиришти ооруканадан.

Ооруканадан белгилешкендей, аларда күн сайын 1000дей бейтапка амбулатордук жардам көрсөтүлүп, 100дөй бейтап стационарга жаткырылат. 50дөй бейтапка ар кандай татаалдыктагы операциялар жасалат.

Эскерте кетсек, 25-декабрда блогер Аружан Бекешева менен жолдошу Арген Асанов Баткенге концертке баратканда жол кырсыгына кабылган. Блогерлер бара жаткан «Мерседес Бенц» унаасынын айдоочусу рулду башкара албай калып, жолдон чыгып кеткен. Аружан Бекешеванын омурткасы сынганы кабарланган.

26-декабрда Аружан Бекешева Баткенден Оштогу ооруканага которулган. Блогер Оштогу ооруканага которулгандан кийин, аны рентгенге алып барганда, дарыгерлер корпоративде деген себеп менен ренггенден өткөрбөгөнүн билдирген.

«Достор, Ош облустук оорукананын коридорунда жатам, себеби бүгүн аларда корпаратив экен. Рентгенге дагы ушуга байланыштуу түшүрбөйбүз дешти. Эми биз кантип булардын майрамдык кечесин буза алмак элек», — деген ал.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>