Төө-Ашуудагы кырсык: Маркум 2 милиционердин үй-бүлөсүнө кенемте төлөө маселеси 6 айдан кийин чечилет

Төө-Ашуудагы кырсык: Маркум 2 милиционердин үй-бүлөсүнө кенемте төлөө маселеси 6 айдан кийин чечилет

Төө-Ашууда өрттөнгөн күйүүчү май ташыган унаадагы айдоочуну куткарам деп жараат алып каза болгон милициянын кызматкерлери Орозмамат Акуналиев менен Дилмурат Шамшиевдин үй-бүлөлөрүнө кенемте төлөө маселеси 6 айдан кийин чечилет. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Министрликтин маалыматы боюнча, кенемте төлөө маселеси мамлекеттик органдардан түзүлгөн комиссия тарабынан каралып, 6 айдан кийин чечилет.

Кошумча маалымат кийинчерээк берилет.

Эскерте кетсек, 27-октябрда Бишкек – Ош жолунун 96-чакырымында (Төө-Ашуунун ичи) күйүүчү май ташыган унаа оодарылып кетип, өрттөнгөн. Жолдо бараткан унаалардагы адамдар өрттү өчүрүүгө жардам берүү үчүн токтогон. Бир маалда күйүүчү май ташыган унаанын цистернасы жарылып, өрт жакын жерде турган унааларга өтүп кеткен.

Жарылуунун кесепетинен 4 адам жабыркап, ооруканага түшкөн. Алардын экөө — Дилмурат Шамшиев жана Орозмамат Акуналиев Баткен облустук милициясынын кызматкерлери болгон. Алар ошол күнү Бишкектен Баткенге иш сапарынан кайтып бара жаткан. Кийин эки милиционер алган жараатынан улам ооруканада көз жумган.

Дилмурат Шамшиев Кызыл-Кыя шаардык милициясынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн издөө боюнча ыкчам өкүлү, милициянын майору болгон. Артындан аялы менен 3 баласы калды.

Орозмамат Акуналиев Кызыл-Кыя шаардык милициясында тергөө кызматынын улук тергөөчүсү, милициянын капитаны болгон. Анын артында аялы менен 2 уул, 1 кызы калды.

Төө-Ашуудагы кырсык: Маркум 2 милиционердин үй-бүлөсүнө кенемте төлөө маселеси көтөрүлдү

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: ИИМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>