15-сентябрь: айрым аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөйтБул жакка эч кимди киргизишчү эмес! «Бишкек-Аренадагы» VIP-ложанын алгачкы кадрларыКыргызстан менен БУУ коопсуздук, тынчтык орнотуу багытындагы кызматташтыкты тереңдететСадыр Жапаров Түштүк Кореяга расмий сапар менен баратЖаратылыш ресурстары министрлиги калдыктарды кайра иштетүүчүлөрдүн реестрин түзүп, лицензиялоо иштерин жүргүзүүдөБул күндү бүткүл дүйнөнүн жаштары күткөн!
Оштогу «Прада» клубунда күзөтчү менен официант маңзат сатуу менен алектенген, – УКМК
07.06.2024 | 12:23
Ош шаарындагы «Прада» түнкү клубунун кызматкерлери баңгизат сатуу менен алектенген. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Атайын кызматтын маалыматы боюнча, «Прада» түнкү клубунда күзөт кызматында иштеген 20 жаштагы жигит (Б.И. уулу) нааша, спайс сыяктуу маңзатты сатуу менен алектенген. Ошондой эле клубда иштеген 19 жаштагы официант (А.Б. уулу) анын шериги болуп, баңгизат саткан.
Шектүүлөрдүн бири (күзөтчү) 31-майда, экинчиси (официант) 2-июнда кармалып, камакка алынды.
Учурда бул ишке тиешеси бар адамдарды аныктоо иштери жүрүүдө.
