Оштогу үч жашар баланын өлүмү: Милиция жаңы жагдайларды айтты

Оштогу үч жашар баланын өлүмү: Милиция жаңы жагдайларды айтты

Ош шаарында үч жашар баланын өлүмү боюнча териштирүү иштери уланууда. Бул тууралуу Reporter.kg’ге шаардык милициядан билдиришти.

Буга чейин алдын ала маалымат боюнча, бала кудукка кулап түшүп каза болгону кабарланган. Окуя болгондон кийин баланын тай жагы наристени жерге берип, ал тууралуу милицияга кабар беришкен эмес.

Шаардык милициядан билдиришкендей, башында милицияга баланын чоң атасы кайрылып, «неберемди өлтүрүп койду, биз барганча көөмп койду» деп арызданган. Бирок эки тарап (баланын эне жана ата тарабы) сүйлөшүп, окуя кокустук болгондугуна ынанып, сөөктү эксгумация кылып, экспертизадан өткөрүүдөн баш тартышкан.

Маалыматка караганда, окуя 19-мартта болгон. Бала кудукка кулап түшүп, аны алып чыккандан кийин уулунун абалын көргөн апасы өзүн начар сезип, баласы экөө ооруканага жеткирилген. Окуя тууралуу дарыгерлер милицияга кабар берген эмес.

«Дарыгерлер окуя тууралуу кабар бербегенин мындай түшүндүрүп жатат, окуя болгон күнү бала менен апасы өтө оор абалда ооруканага жеткирилген. Дарыгерлердин айтымында, ооруканага алынып келген учурда наристе каза болуп калган. Алар түнү менен апасынын жаны менен алек болуп, милицияга убагында кабар бере албай калган», — деп билдиришти милициядан.

Белгилүү болгондой, бала каза болгондон кийин анын апасы менен атасына кабар айтылбай жерге берилген. Баланын атасы Россияда болсо, апасы ооруканада жаткандыктан, келиндин төркүнү ал өзүнө келгенге чейин уулунун каза болгону тууралуу айтпай турууну чечишкен. Келин эки баласы менен Россиядан 18-мартта келген. Ал эми кырсык 19-мартта болгон.

«Баланын таята, таенеси кызы өзүнө келгенге чейин айтпайбыз, өзүнө келгенден кийин айталы дешкен. Ошол учурда, баланын каза болгондугу тууралуу маалымат ЖМКга чыгып кеткенден кийин аны апасы билип, абалы оорлоп, реанимация түшкөн. Учурда анын абалы тууралуу маалыматыбыз жок», — деп билдиришти милициядан.

Милиция баланын өлүмү боюнча ыкчам териштирүү иштерди улантууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: Милиция Ош

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>