Оштогу үй-бүлөгө каракчылык менен кол салгандар кармалды (видео)

Оштогу үй-бүлөгө каракчылык менен кол салгандар кармалды (видео)

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери Ош облусунун ИББнын жана Араван районунун ИИБнын кызматкерлери менен биргеликте үйгө мыйзамсыз кирүү менен жасалган каракчылык фактысынын бетин ачышты.

ИИМдин маалыматына караганда, ушул жылдын 30-ноябрында эртең менен Араван райондук ИИБнын кызматкерлери, Анаров айыл округунун тургунунун үйүнө белгисиз адамдар кирип келип, үй ээлеринин денесине жаракат келтиргендиги тууралуу маалымат алышкан. Окуя болгон жерге райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери чыгып, окуянын чоо-жайын тактоо учурунда төмөнкүлөр аныкталды:

29-ноябрь күнү саат 19:30 чамасында ок атуучу курал жана бычак менен куралданган камуфляждык кийим жана беткап кийген эки адам көрсөтүлгөн дарекке киришкен. Бул учурда үйдө алтымыш бир жаштагы үй-бүлө башчысы, анын кызы, келини жана башка коноктор болгон.

Кол салгандар аларды өлтүрөбүз деп коркутуп, баарын байлап, акча жана баалуу буюмдарды талап кыла башташкан. Кол салгандар үйдөн сейфти таап алышып, аны ачууга аракет кылып, бирок ачкычтарын сындырып алышкан.

Бир аз убакыт өткөндөн кийин үйдүн кожойкеси конокторунан үйүнө кайтып келип, эмне болуп жатканын көрүп, ызы-чуу салган. Кол салгандар сейфти ачуу мүмкүн эмес экенин түшүнүшүп, накталай акчаларды, ар кандай маркадагы алты телефонду жана башка буюмдарды алып качып изин жашырып кетүүгө шашышкан. Жабырлануучулар шок абалында болушкан, бирок кылмыш тууралуу милицияга билдирүүгө шашылышкан эмес. Ал эми милиция кызматкерлерине башка жарандардан каракчылык тууралуу маалымат түшкөн. Бул фактынын негизинде Араван РИИБ тарабынан «Каракчылык» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Тергөө иштерине ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери кошулган. Кол салгандар «Хонда Фит» үлгүсүндөгү унаа менен качып кетишкени тууралуу маалымат бар.

Трассадан анча алыс эмес жерде Араван районунун чыга беришиндеги камыштын арасынан милиция кызматкерлери шектүү адамдарга тиешелүү буюмдарды табышкан. Табылган сумкада бир нече камуфляж костюмдары, кроссовкалар, маскалар, бычактар, скотч болгон. Бул кол салгандар кылмышка кылдат даярданышканынан кабар берет.

Кылмышка шектүүлөр түштүк аймагынын сыртына качып кетишкени аныкталган. ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын бөлүмдөрү тарабынан кылмыштын ордун аныктоо жана кылмышка тиешеси бар адамдарды кармоого багытталган комплекстүү ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлдү.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында Бишкек шаарынын аймагынан Ош облусунда туулган, учурда Чүй облусунун Сокулук районунда жашаган 1985-жылы туулган, мурда соттолгон С.Ж. аттуу жаран кармалган. Экинчи кармалган адам Казакстандын жараны, Алматы шаарынын тургуну, 1987-жылы туулган Ч.А., алынган маалыматтарга караганда, мурда адам өлтүрүү фактысы боюнча соттолгон.

Учурда тоноочулукка тиешеси бар башка адамдарды кармоо боюнча чаралар көрүлүүдө. Учурда тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>