Кыргызстанда кымыз өндүрүүчүлөргө жеңилдетилген насыя берүү каралууда«Чалдыбар» өткөрмө бекети 2027-жылдын аягына чейин жабылатКыргызстанда халал продукцияны QR-код жана сертификат менен сатуу сунушталуудаАйыл чарба техникасын лизингге берүүгө 45 млн доллар инвестициялык кредит тартылдыБишкекте Чүй көчөсүнүн Ак-Босого конушундагы оңдолгон бөлүгү ачылдыЧет өлкөдө издөөдө жүргөн 184 адам кармалып, 132си Кыргызстанга кайтарылды — ИИМ
Оштогу жапырт уулангандардын сегизи ооруканадан чыга элек
05.05.2022 | 12:58
Ошто кондитердик азыктан жапырт ууланган сегиз адам ооруканада жатат. Бул тууралуу түштүк борбордун мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Муниципалитет күн ысык маалда тамак аштарды дыкат көзөмөлдөп, атайын маркировкасы жок жана сертификатсыз, мөөнөтү өтүп кеткен азыктарды жебөө керектигин эскертти.
Муну менен катар Ош шаардык мэриясы бул иш боюнча жүргүзүлүп жаткан тергөө иштеринин жыйынтыгы боюнча мыйзам чегинде бардык чараларды көрөөрүн белгиледи.
Жалпысынан 1-майдан 3-майга чейин Ош шаарынын медициналык мекемелерине тамак-аштан ууланып 40 адам түшкөн. Анын анын ичинен 14 жаштан 21 жакша жашка чейинки балдар жана 19 жаштан жогорку чоңдор бар.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар