Оштун тургуну чоочун банктык картадан акча которуп алган

Оштун тургуну чоочун банктык картадан акча которуп алган

Лейлек районунун жашоочусунун банктык картасындагы акчасын бузуу жолу менен которуп алган жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Лейлек районунун Бешкент айыл аймагына караштуу Андархам айылынын 42 жаштагы тургуну М.Д. 2022-жылдын 3-ноябрында белгисиз жаран тарабынан өзүнүн банктык картасынан 42миң 800 сом акчасын которуп алгандыгын билдирип, арыз менен кайрылган.

Бул факт Лейлек РИИБде Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин 3-бөлүмүнүн 6-пункту (Уурдоо, башкача айтканда маалымат тутумуна мыйзамсыз кирүү же болбосо телекоммуникация тармактары боюнча берилүүчү маалыматты өзгөртүү жолу менен бирөөнүн мүлкүн жашыруун уурдоо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Лейлек РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан Ош облусунун Алай районунун тургуну, мурда эки жолу сот жообуна тартылган 23 жаштагы Ө.Ч. аныкталып, 25-март күнү кармалган.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>