Оштун тургунун унаага салып кетип, акча доолашкан. Шектүү кармалды

25.01.2023 | 08:40

Ош шаарында опузалап акча талап кылууга шектелген 32 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Ош облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2022-жылдын 18-апрель күнү М.Т. аттуу жаран Ош ОИИБге  арыз менен кайрылган. Анда ушул эле күнү болжол менен саат 23:00 чамасында “Ш” аттуу жаран достору менен келип, жабырлануучуну өзүнүн унаасына отургузуп, коркутуу жолу менен 16 000 ( он алты миң) сом акча каражатын опузалап алып койгондугу үчүн мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган.

Аталган факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин (Опузалап талап кылуу) негизинде кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө кылмышка шектүүнү жана анын кылмыштуу шериктерин тергөөгө камсыз кылуу боюнча  тапшырмалар берилген.

2023-жылдын 21-январында Ош облустук ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмү тарабынан Ош шаарынын аймагынан Кара-Суу районунун 32 жаштагы А. уулу Ш. аттуу тургуну опузалап акча талап кылуу фактысына шектелип кармалды. Тергөөнүн жүрүшүндө кылмышка шектүү буга чейин бир нече жолу соттолгону аныкталган.

Щектүүгө Жазык-процесстик кодексинин  96,97-беренелеринин негизинде айыбы угузулуп, 2 айга  камакка алуу  түрүндөгү бөгөт чарасы  тандалган.  Учурда тергөө амалдары уланууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Scroll to Top