Чемпион Самат Абдырахмановду Ошто кандай тосуп алышты?

Чемпион Самат Абдырахмановду Ошто кандай тосуп алышты?

Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов Hardcore FC лигасынын чемпиону Самат Кыргыз Абдырахмановду кабыл алды. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка караганда, Ош облусунун башчысы Самат Абдырахмановду куттуктап, 100 миң сом тапшырып, спортчунун мындан ары да спорттогу карьерасына ийгилик каалады.

“Самат Hardcore FC лигасында чемпион болушу менен көпчүлүк жаштардын спортко болгон кызуугусу күчөдү. Албетте спортчуларыбыз эл аралык мелдештерде өлкөбүздүн желегин желбериткени биз үчүн сыймык. Мындан ары да ийгиликтерди багындырышына ишенем”, — деди облус башчысы

Бүгүн 10-июль күнү Самат Абдырахмановду Ош аэропортунан күтүп алуу аземи өтүп, ага өкүлдүн орун басары Данияр Жаныкулов, Ош облустук спорт комитетинин жетекчилиги, Спортчунун туугандары жана күйөрмандары катышты.

Маалымат үчүн: Hardcore FC – бул Россиядагы эң ири промоушн, Анатолий Сулянов тарабынан 2020-жылы негизделген, көрүүчүлөрдүн саны, аудиторияны камтышы жана спортчулардын тизмеси боюнча дүйнөлүк алдыңкы 3 промоушндардын катарына кирет. Эки жылдын ичинде Hardcore FC лигасы 50дөн ашык турнир өткөргөн.

Самат Абдырахманов мээлейсиз, муштум менен урушкан Hardcore Fighting Championship уюмунун чемпиону болгон. Мелдеш Москвада өткөн. Анда Абдырахманов жергиликтүү мушкер Лендруш Акопянды нокаутка кетирип утуп алган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>