Зордукталган өспүрүм кызга жарым млн сомдон ашык акча чогулду

Зордукталган өспүрүм кызга жарым млн сомдон ашык акча чогулду

Зордук-зомбулукка кабылган 13 жаштагы кыздын үй-бүлөсүнө 603 миң сом чогултулду. Бул тууралуу алып баруучу Эркин Рыскулбеков билдирди.

Анын айтымында, эки күндө эсепке 602 миң 927 сом түшкөн. Ал төлөмдөр уланып жатканын белгилейт.

Ошондой эле бир күн мурун активисттер каражаттын бир бөлүгүн жабыркаган кыздын үй-бүлөсүнө которгондугу маалымдалган.

Каражатты төмөндөгү даректерге которууга болот:

Элсом: 0555001862;

«Мбанк»: 996555001862;

Оптима Банк картасы: 4169 5952 0307 0485;

Демир Банктагы эсеп: 1180000023490980.

Эске салсак, 13 жаштагы кызды зордуктоо боюнча иш Бишкектин Свердлов райондук сотунда каралууда. Бул кылмышка шектелип, эки милиция кызматкери (Ленин РИИБнин жашы жете электердин иштери боюнча инспекциясынын жана борбордун Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери), дагы бир шериги, «Дордойдун» күзөтчүсү кармалган. Биринчи Май райондук соту зордуктоого шектелген төртүнчү официанттын ишин карап жатат. Төрт соттолуучу тең бири-бирин таанышат.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Зордуктоо

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>