2024-жылдын төрт ай ичинде 36 бала өз жанын кыйды. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев Жогорку Кеңештин социалдык саясат комитетинин жыйынында билдирди.
Бул өткөн жылдын январь-апрель айларына караганда 20 пайызга көп.
Эркебек Аширходжаевдин маалыматында, төрт айда балдарга карата 52 зордук-зомбулук фактысы катталды. Анын төртөө — эркек бала, 48и -кыз.
Ошол эле учурда жашы жете элек тарабынан жасалган кылмыштар 15 пайызга өскөн.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз