Эми кыргызстандыктар Кытайга малина, бүлдүркөн жана карагатты экспорттой алышатКыргызстанда пайдубалы толук бүтө элек үйлөрдөн батир сатууга тыюу салындыКыргызстанда 62 миң сом төлөмү менен «Манасчы» макамын киргизүү сунушталуудаЖогорку соттун төрагасы ишти создуктурган судьяларга катуу чара көрүлөрүн эскертти«Кыргызкөмүр» Кара-Кече үчүн 26 млн сомго жаңы техника сатып алдыБишкек шаарында жаңы сквер курулууда
Бүгүн Таласта “Бала-Саруу” ГЭСи менен аэропорттун ачылышы болот
21.05.2024 | 09:02
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-майда, Талас облусуна бир күндүк жумуш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
Жапаров Талас шаарындагы аэропорттун, облусутук милициянын имаратынын жана “Бала-Саруу” ГЭСинин ачылышына катышат. ГЭСтин расмий ачылышы УТРКнын, республикалык жана облустук телеканалдардын түз эфиринде, ошондой эле социалдык тармактардагы баракчаларда көрсөтүлөт.
Түз алып берүүнүн башталышы – 11.00.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом