ВИЧ жана гепатитке каршы борбордогу тыгылыш жана узун кезек — Саламаттык сактоо министрлигинин түшүндүрмөсүТалас облусунда шагыл казган жана мыйзамсыз таштанды төккөн компанияларга айып пул салынды«Учкун» окуу китептеринин сатылышы боюнча кырдаалдан кийин сатылган китептердин реестрин киргизетКыргызстанда этке сунушталган баалар бекитилди: баасы канча турат?Кыргызстандын банктарынын активдери жыл башынан бери 21,9%га өсүп, 1,58 трлн сомго жеттиЭмнелер өсүүдө, ал эми кайсылар кыскарууда: Кыргызстандын 2027–2029-жылдарга бюджетинин долбооруна сереп
Өспүрүмдөр арасында суицид 20 пайызга өстү
20.05.2024 | 20:00
2024-жылдын төрт ай ичинде 36 бала өз жанын кыйды. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев Жогорку Кеңештин социалдык саясат комитетинин жыйынында билдирди.
Бул өткөн жылдын январь-апрель айларына караганда 20 пайызга көп.
Эркебек Аширходжаевдин маалыматында, төрт айда балдарга карата 52 зордук-зомбулук фактысы катталды. Анын төртөө – эркек бала, 48и -кыз.
Ошол эле учурда жашы жете элек тарабынан жасалган кылмыштар 15 пайызга өскөн.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом