Өткөн жылы 23 миңдей жумушсуз адамды ишке орноштурдук, — министр

Өткөн жылы 23 миңдей жумушсуз адамды ишке орноштурдук, — министр

Кыргызстанда 2022-жылы Эмгек министрлиги аркылуу 23 миңдей жумушсуз жаран ишке орношо алды. Бул тууралуу министр Кудайберген Базарбаев 24-мартта Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун тургундары менен жолугушууда билдирди.

Жолугушууда министр кесипке багыт берүү жана кесиптик билим берүүнүн мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтып берди.

«Өткөн жылы Эмгек министрлиги аркылуу 23 миңдей жумушсуз жаран ишке орношсо, дагы 15 миңи акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга жөнөтүлгөн. Дагы 7500 адам эмгек рыногунда суроо-талапка ээ болгон кесиптер боюнча кесиптик билим алышты. Бул — газ-электр ширетүүчү, чач тарач, компьютер оператору, 1С билими бар бухгалтер, ашпозчу, тигүүчү, кеңсе менеджери, электрик, айдоочу», — деди ал.

Мындан тышкары, министр жергиликтүү тургундардын кесиптик билим алуу жана андан кийин жумушка орношуу мүмкүнчүлүктөрүнө байланыштуу көптөгөн суроолорго жооп берди.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>