Курулуш министрлиги: Жыл аягына чейин Кыргызстанда 36 мектеп курулатПрезидент Садыр Жапаров Түркмөнстанга иш сапары менен барат«Музейлер эксперименталдык боло алабы?»: Бишкекте куратор Чарльз Эшенин лекциясы өтөтБекешев: TikTok’ту бөгөттөн чыгарууга азыр УКМК гана каршы болуудаБекешев кортеждердин санын азайтып, «күркүрөгөн» унааларга чара көрүүгө чакырдыБишкекте уюлдук телефондорду мыйзамсыз алып кирүүгө шектелип чет элдиктер кармалды
Өтө оор кылмыштарга шектелген депутаттар бар, – Ташиев
24.11.2022 | 11:11
Өтө оор кылмыштарга шектелген депутаттар бар. Бул тууралуу бүгүн, 24-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев депутат Элвира Сурабалдиеванын суроосуна жооп берип жатып билдирди.
Анын айтымында, учурда экспертизалар чыгып жатат.
“Дагы бир жолу айтып коеюн, жакында Башкы прокуратура иш козгой турган болсо, дагы айтып чыкпагыла. Өтө оор кылмыштарга шектелген адамдар бар. Аны биз териштирип чыгышыбыз керек. Ал боюнча керектүү адамдар бизге арыздарын берди. Эгер арыз түшүп, биз карабай койсок, ошондо айтсаңар болот. Текшерүү маалында ал кылмыштар такталбай турган болсо, сот чечим кабыл алат”, – деди Камчыбек Ташиев.
Телеграм каналыбызга каттала кетиңиз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом