Садыр Жапаров Түркияга барат

Садыр Жапаров Түркияга барат

Президент Садыр Жапаров 16-17-мартта Анкара шаарына (Түркия Республикасы) иш сапары менен барат. Бул тууралуу Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

“Сапардын алкагында президент Түрк мамлекеттеринин Уюмуна (ТМУ) катышуучу-өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын Саммитинин кезексиз жыйынына катышат.

Уюмдун мамлекет башчыларынын кезексиз жыйынынын темасы – “Кырсыктарды башкаруу жана гуманитардык жардам”.

Тараптар табигый жана техногендик коркунучтардан улам келип чыккан табигый кырсыктар, ошондой эле жамааттык чара көрүү маселелерин талкуулашат”, — деди  Муратбек Азымбакиев.

Ал белгилегендей, саммитке  Уюмга мүчө-мамлекеттердин – Кыргызстандын, Түркиянын, Азербайжандын, Казакстандын жана Өзбекстандын башчылары катышат. Саммиттин ишине Венгриянын премьер-министри жана Түркмөнстандын Халк Маслахаты Милли Генгешинин Төрагасы ТМУда байкоочу макамына ээ өлкөлөр катары катышат.

“Сапардын алкагында мамлекет башчысынын Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен жолугушуусу да пландалып, анын жүрүшүндө эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелери талкууланат”, — деди Азымбакиев.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>