«Өзбекстан аба жолдору» төрт Boeing учагын сатат

«Өзбекстан аба жолдору» төрт Boeing учагын сатат

«Өзбекстан аба жолдору» авиакомпаниясы өз карамагындагы 37 учактын төртөөнү сатыкка койду. Компаниянын расмий сайтындагы маалыматка ылайык, менчиктештирүү программасынын алкагында 1999-жылкы эки Boeing 757 жана 2003-2004-жылдары чыккан эки Boeing 767 учактары сатылат.

Авиакомпаниянын билдирүүсүндө сатыла турган учактардын баасы тууралуу маалымат жазылган эмес.

Бүгүнкү күндө «Өзбекстан аба жолдорунда» 14 Airbus A320, тогуз Boeing 767, жети Boeing 787, беш Airbus A321 жана эки Boeing 757 учагы бар.

Мамлекеттик активдерди башкаруу агенттиги учактарды сатууну уюштуруу үчүн консультант катары британиялык ACC Aviation компаниясын жалдады.

Өткөн жылдын 14-декабрында президенттин басма сөз кызматы «Өзбекстан аба жолдорун» реформалоо иши менен Turkish Airlines авиакомпаниясынын мурдагы башчысы Илькер Айжи алектене турганын билдирген. Анда «Өзбекстан аба жолдоруна» корпоративдик башкаруу системасын киргизүү, учактардын санын көбөйтүү, тейлөө сапатын жогорулатуу, жүк ташуу тармагын кеңейтүү, ошондой эле чет өлкөлүк инвесторлорду тартуу менен авиакомпанияны дүйнөлүк стандарттар боюнча менчиктештирүү каралып жатканы кабарланган.

Мындан тышкары күн тартибине «Өзбекстан аба жолдорунун» каттамдарына болгон билет бааларын төмөндөтүү маселеси да киргизилген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>