Өзбекстан: Marion Biotech компаниясынын дарыларын сатуу токтотулду

Өзбекстан: Marion Biotech компаниясынын дарыларын сатуу токтотулду

30-декбарда Өзбекстанда индиялык Marion Biotech компаниясы чыгарган бардык дары-дармектерди сатуу убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Фармацевтикалык тармактарды өнүктүрүү агенттигинин маалымат кызматынын жетекчиси Кизлархон Бегматова билдирди.

Анын айтымында, Quramax Medikal ишканасына дарыканалардан «Док-1 Макс» дарысын өндүргөн компаниянын бардык препараттарын алуу жана дистрибьюторго кайтарып берүү тапшырылды.

Өзбекстанда аталган дарыны ичкенден кийин саламаттыгы начарлаган 22 баланын 19у чарчап калган. «Док-1 Макс» дарысынан уулуу этиленгликол заты табылганын өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги маалымдаган.

«Док-1 Макс» таблеткалары жана сироптору Өзбекстандын бардык дарыканаларынан алынып, Улуттук коопсуздук кызматы тергөө иштерин баштаган.

Индиялык Marion Biotech компаниясы чыгарган бул дары парацетамол, гвайфеназин, фенилэфринди камтыйт жана курч респиратордук вирустук инфекцияларды, сасык тумоону дарылоо үчүн сунушталат.

Өзбекстандагы балдардын өлүмүнө байланыштуу 23-декабрда Кыргызстанда да «Док-1 Макс» дарысын сатууга тыюу салынып, анын үлгүлөрү текшерүү үчүн лабораторияга жөнөтүлгөн.

Индиялык компания «Док-1 Макс» дарысын чыгарууну токтотту

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>